Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Чехияда бир күндө 8325 кишиге коронавирус жукту


Чехия.
Чехия.

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирус жайылып жаткандыктан катаал чараларды көрүп, карантин киргизип жатат.

Чехияда 14-октябрдан тартып бардык бар, ресторан, клубдар, спорттук жайлар 3-ноябрга чейин жабылды. Мектептер, жогорку окуу жайлары толугу менен онлайн окууга өттү. Коомдук транспорт, дүкөн, башка жабык жайларда беткап тагынып жүрүү эрежеси буга чейин эле киргизилген.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Роман Примула алдыдагы үч жума эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу үчүн абдан маанилүү экенин эскертти:

«Келерки апталарда ооруканага түшкөндөр, оор абалдагылар көбөйүшү ыктымал. Илдеттен көз жумгандар да көбөйөт. Алдыдагы үч жума абдан маанилүү жана кыйын болот».

Буга чейин адистер ооруканаларда орундар жетпей калышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Шаршембиге карай өлкөдө инфекция жуккан 8 325 киши катталды. Жалпы саны 129 747 кишиге жетти. Учурда 68 740 киши ооруп жатат. 1106 киши илдеттен көз жумду. Буга чейин чех өкмөтү быйыл экинчи жолу өзгөчө абал жарыялаган.

14-октябрда Нидерланды да жарым-жартылай карантин киргизген.

XS
SM
MD
LG