Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Алексей Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасындагы дарылануу акысын төлөп бергендерди атады


Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасындагы дарылануу акысын төлөп берген адамдардын аты-жөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал «Инстаграм» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.
Навальныйдын айтымында, анын ооруканадагы дарылануусуна 49 900 евро короп, бул сумманы ишкер Евгений Чичваркин, экономист Сергей Алексашенко жана IT-адис Роман Иванов төлөп берген.

Азырынча Навальныйдын Германияда канча убакыт реабилитациядан өтөрү белгисиз. Анын азыркы жашоосу жана дарылануусу үчүн чыгымдарды Чичваркин өзүнө алган.

Буга чейин Навальный анын Омск шаарынан Берлинге учуп келүүсүнө кеткен 79 миң еврону ишкер Борис Зимин төлөгөнүн айткан.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Немис өкмөтү Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Бул маалыматты Европадагы бир нече көз карандысыз лаборатория, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу уюму да ырастаган.

Кремл окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG