Түркиянын Самсун шаарынын мэри Мустафа Демир 16-октябрда Бишкекке 180 миң беткап жөнөтүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлады.
"Он жылдан бери биз Кыргызстандын борбору Бишкек шаары менен бир тууган калаабыз. Ушул оор мезгилде биз алар менен бирге болгубуз келди. Самсун шаардык мэриясынын жана "Түрк Кызылай" уюмунун салымы менен медициналык каражаттарды Бишкекке жөнөтүп жатабыз",- деди Мусатафа Демир.
2013-жылы Самсун жана Бишкек шаарларынын мэрлери тарабынан "Бир тууган шаар" протоколуна кол коюлган.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында түрк өкмөтүнөн Кыргызстанга гумжардам катары өпкөнү жасалма дем алдыруучу 20 аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 комплект ПЧР-тест, вирусту аныктоо үчүн реагенттердин 20 миң комплекти, 50 миң коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап-калкан жана 10 миң гидроксихлорохин дары келген.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркиядагы диаспора өкүлдөрү жана вандык кыргыздар да Кыргызстанга медициналык жабдык, беткап жөнөтүшкөн. (ElB)