Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Маматалиев: Шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын чектеш керек


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттик шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча Бишкекте өтүп жаткан талкууда билдирди.

«Мен жүргөн партияга абдан көп үгүтчүлөрдү алып, аларга акчаны айлык катары бердик. Мындайча айтканда пара берүүнү мыйзамдаштырып койдук. Калп айтканда эмне Бишкектен эле 12 миңдей үгүтчү алдык. Алардын баары кандай иштегени түшүнүктүү да. Биз шайлоодо алардын санын чектесек, бардык партияларга бирдей шарт түзүлөт», - деди Маматалиев.

Марлен Маматалиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан жетинчи катарда катышкан.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөрдү.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айланып, Кыргызстанда бийлик алмашты. Тополоңдон кийин БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG