21-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 23…25 градус болот.