Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

«Бүтүн Кыргызстан» жаңы бийликти БШКга басым жасабоого чакырды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөнү чакыртып алышы туура эмес. Ушундай өңүттө «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 22-октябрда билдирүү таратып, жаңы бийликти БШКга басым жасабоого чакырды. Билдирүүгө партия лидери Адахан Мадумаровдун колу коюлган.

Анда «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө» мыйзамда БШК мүчөлөрүнүн ишмердигин президент же парламент токтотуп коюуга акысы жок экени белгиленген.

Андан тышкары партия БШК мүчөлөрүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакыруу да одоно мыйзам бузуу болгонун, мамлекеттик органдар БШКнын ишине кийлигишүүгө акысы жок экенин кошумчалаган.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке БШКнын президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөткөнү 21-октябрда айтылган. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында Канатбек Исаев билдирген.

Ошол эле күнү ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция муну 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG