Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кабул мечиттеги чабуулда өспүрүмдөр мерт болгонун четке кагууда


Тахар провинциясындагы аба чабуулунда жараат алганы кабарланган өспүрүм, 22-октябрь, 2020-жыл.
Тахар провинциясындагы аба чабуулунда жараат алганы кабарланган өспүрүм, 22-октябрь, 2020-жыл.

Расмий Кабул Тахар провинциясында мечитке урулган аба соккусунан 12 өспүрүм набыт болгону тууралуу кабарды чет кагууда. Ооганстандын Коргоо министрлиги мечитке сокку урулганын ырастаганы менен жайкын тургундар каза болгонун тастыктаган жок.

«12 талиб жоочусу, алардын ичинде командири да өлтүрүлдү», - деп билдирди министрлик.

Расмий маалыматта «жайкын тургундардын өлүмү тууралуу кабарлар иликтенип жатканы» белгиленди. Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салих да өспүрүмдөр набыт болгону тууралуу кабарлар негизсиз экенин «Фейсбук» аркылуу билдирди.

Андан мурдараак Тахар провинциясынын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Мохаммад Ахам Афзали аба чабуулунан 12 өспүрүмдүн өмүрү кыйылганын маалымдаган. Анын айтымында, бул чабуулдун алдында аймакта талиб жоочулары менен ооган коопсуздук кызматкерлери кагылыша кеткен. Талибдер мечитте жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөндөн көп өтпөй аймакка аскердик учак жөнөтүлгөн. Провинциянын губернатору да бул маалыматты ырастаган.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтой элек.

XS
SM
MD
LG