Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан төрт бейтап каза болду.
Алар Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында катталды.
Акыркы суткада 582 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 324ү айыкты.
Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:
- Ош облусунда - 127;
- Баткен облусунда – 113;
- Жалал-Абад облусунда - 86;
- Чүй облусунда - 81;
- Бишкек шаарында - 63;
- Ош шаарында – 59;
- Ысык-Көл облусунда – 29;
- Талас облусунда - 17;
- Нарын облусунда - 7 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54588 адамды түздү. Анын 1126сы жашоо менен кош айтышып, 47 050 бейтап айыгып чыкты.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3139 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөңдөй, 23-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 41 миллион 641 миңден ашты. Алардын бир миллион 136 миңден көбү жашоо менен кош айтышты. 28 миллион 272 миңдей бейтап айыкты.
АКШда оорулуулар сегиз миллиондон, Индияда жети миллиондон, Бразилия беш миллиондон ашты. Орусияда, Аргентинада, Испанияда, Францияда миллиондон көп. (SE)