Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Ливияда жаңжалдашкан тараптар тынчтык келишимине кол коюшту


"Ливиянын улуттук армиясынын" делегациясынын башчысы Амхиммиж Мохамеж Аламами (солдо) жана Ливиянын өкмөтүнүн делегациясынын жетекчиси Ахмед Али Абушахма кол алышып жаткан учур, Женева, 23-октябрь, 2020-жыл.
"Ливиянын улуттук армиясынын" делегациясынын башчысы Амхиммиж Мохамеж Аламами (солдо) жана Ливиянын өкмөтүнүн делегациясынын жетекчиси Ахмед Али Абушахма кол алышып жаткан учур, Женева, 23-октябрь, 2020-жыл.

Ливиядагы жаңжалдашкан тараптар ок атышууну өлкөнүн бардык аймагында токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бириккен Улуттар Уюму арачылык кылган мындай мунаса 23-октябрда Женевада беш күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин табылды.

Бул макулдашууга улай ноябрь айынан башында коңшу Тунисте бирдиктүү өкмөт түзүү жана улуттук шайлоо өткөрүү маселеси боюнча саясий сүйлөшүүлөр өтмөкчү.

БУУ Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнүн жана генерал Халифа Хафтардын "Ливиянын улуттук армиясынын" ортосундагы соңку макулдашууну кубаттады.

"Бул Ливиядагы тынчтык жана стабилдүүлүккө багытталган фундаменталдуу кадам. Мен улуттук кызыкчылыкты пикир келишпестиктерден жогору койгону үчүн тараптарды куттуктайм", - деп билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге маал-маалы менен чабуул коюп келген.

Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой турганы кабарланган. Түркия БУУ тааныган өкмөткө жардам бериш үчүн Ливияга аскерлерин жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG