Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

HRW Азербайжанды «тыюу салынган ок-дары колдонду» деп айыптады


Тоолуу Карабак. 6-октябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. 6-октябрь, 2020-жыл.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Азербайжанды «Тоолуу Карабактагы кагылышууда тыюу салынган ок-дарыларды кайра-кайра колдонду» деп айыптады. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн 23-октябрда таратты.

Анда азери тарап Тоолуу Карабакта жерге түшкөндө майда бөлүктөрдү эки жакка чачырата турган кластер бомбаларын төрт жолу колдонгону белгиленген. Уюм бул маалымат жеринде жүргүзүлгөн иликтөөлөргө негизделгенин билдирди.

Азербайжан да, Армения да кластер бомбаларын колдонушпаганын билдирип, Тоолуу Карабактагы кармаш үчүн бири-бирин айыптап келет.

23-октябрда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен өз-өзүнчө жолугары күтүлүүдө. Жейхун Байрамов менен Зограб Мнацаканяндын бетме-бет сүйлөшүүсү өтөр-өтпөсү азырынча белгисиз.

Помпео бул жолугушууда чатакты токтотуу зарыл экенин, кармашка башка өлкөлөр аралашпашы керек экенин айтарын билдирди. Буга чейин атышпоо тууралуу Орусия ортомчулук кылган эки макулдашуудан толук майнап чыккан эмес. 22-октябрда орус президенти Владимир Путин АКШ жагдайды жөнгө салыш үчүн Москва менен чогуу иш алып барат деп үмүттөнүп жатканын, Тоолуу Карабакта миңдеген адамдар мерт болгонун айткан.

«Эки тараптан тең эки миңден ашуун адам мерт болду. Курмандыктардын жалпы саны беш миңге чукулдады», - деп билдирген Путин.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой келет.

XS
SM
MD
LG