Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Борбор Азия лидерлеринин Кыргызстанда пландалган саммити Түркмөнстанда өтүшү мүмкүн


Борбор Азия мамлекеттеринин желектери.
Борбор Азия мамлекеттеринин желектери.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Кыргызстанда пландалган кеңешүү жыйыны Түркмөнстанда өтүшү мүмкүн. Мындай сунушту расмий Ашхабад өзү киргизгенин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов "Дунё" маалымат агенттигине айтты.

"Биз Кеңешүү жыйынынын теңтөрагасы катары Түркмөнстандын сунушун колдоп-кубаттайбыз. Жыйын кеңири жана мазмундуу болот деп үмүт кылабыз",- деди Комилов.

Ал Түркмөнстандагы саммиттен кийинки жыйынды Бишкекте өткөрүү маселесине кайтса болорун белгиледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев сунуш кылып, алгачкысы 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. Үчүнчү саммит 2020-жылдын августунда Бишкекке өтүшү керек эле, коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга калтырылган.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Кыргызстанда октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктар жана бийликтин алмашканы саммитти Ашхабадда өткөрүүгө себеп болушу мүмкүндүгүн жазды.

Расмий Бишкек буга азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG