Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:09

"РИА Новости": Кыргызстан Канттагы орус авиабазасын кеңейтүүгө даяр


Орусиянын Канттагы аскердик авиабазасында 2013-жылы тартылган сүрөт.

Эгер Москвадан же Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан (ЖККУ) сунуш түшсө Кыргызстан Канттагы орус аскердик авиабазасын кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев айтканын "РИА Новости" агенттиги жазды.

"Канттагы базаны сактоо боюнча биз бекем позициядабыз. Мурда кол коюлган макулдашууларды кайрадан карап чыгуу деген болбойт",- деген Казакбаев агенттиктеги маегинде.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жана социалдык желедеги расмий баракчаларда Казакбаевдин бул билдирүүсүнө байланыштуу маалыматтар чыга элек. Министрликтен комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да 14-сентябрдагы басма сөз жыйынында авиабаза тууралуу келишим өзгөртүлбөй турганын билдирген.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.

Орустя президенти Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.

Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.

Орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуш үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөмөй болгон. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG