Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Садыр Жапаров инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүүгө убада берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда Кочкор районуна жумушчу сапары менен барган учурда инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүүгө убада берди. Сапар учурунда Садыр Жапаров райондогу Мантыш айылында курулуп жаткан социалдык айылдын курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Жапаров курулуштун долбоору менен таанышып, аны каржылап жаткан Катар өкмөтүнүн өкүлдөрү менен баарлашты.

«Мен курулуш тармагындагы кыйынчылыктарды өтө жакшы билем. Жетекчилер бюрократия жаратып, акча үмүт этип, жарым жылдап созуп жүрө беришет. Мындан ары эми андай болбойт, мен ошону жок кылам деп келдим. Иштеп жатабыз, жок болот», - деди Жапаров.

24-октябрь күнү ал инвесторлорду жана ишкерликти коргоого аларын билдирген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG