Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

COVID-19: АКШда ооругандар жай айларына караганда көбөйдү


Дүйнө жүзүндө коронавируска 42,8 миллион адам кабылып, бир миллиондон көп бейтап ажал тапты.
Дүйнө жүзүндө коронавируска 42,8 миллион адам кабылып, бир миллиондон көп бейтап ажал тапты.

АКШда соңку бир аптада коронавирус менен ооругандардын саны орто эсеп менен күн сайын 70 миңден ашты жана бул июль айынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Нью-Йорк баштаган айрым штаттарда илдет жуккан учурлар көбөйүп, ооруканалар толо баштады.

Кошмо Штаттарында оорунун жайылышын ооздуктоо, чектөө боюнча жалпы улуттук план кабыл алынган эмес. Мындан улам беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу сактык чаралары боюнча эрежелер ар кайсы штатта ар кандай. Өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи жума күнү жарандарды беткап тагынууга милдеттендирген жалпы эреже киргизилиши керектигин билдирди.

АКШда өпкөнү сезгенткен ооруну сегиз миллиондон ашык адам жуктуруп алып, 225 миңден көп бейтап көз жумду.

Европага оорунун экинчи толкуну келди. Франциянын үчтөн эки бөлүгүнө коменданттык саат киргизилди.

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте соңку бир күндө коронавирус 20 миңден ашык адамдан табылгандан кийин карантин чараларын кайра катаалдатты. Ага ылайык, дүйшөмбүдөн тартып кинотеатрлар, театрлар, спорт зал жана бессейндер бир айга жабылат. Тамактануучу жайлар болсо кечки саат 6га чейин гана иштейт.

Римде ишембиде кечинде коменданттык сааттын киргизилишине каршы ондогон адамдар нааразылык акциясына чыкты. Демонстранттар таштанды челектерин өрттөп, полиция менен кагылышты. Ушундай эле акциялар Неаполдо да өттү.

Германияда 24-октябрда коронавирустан жан бергендердин саны 10 миңден ашты. Немис канцлери Ангела Меркель жарандарды сактык чараларын көрүүгө, жолугушууларды азайтууга чакырды.

Чехияда, Ирландияда жана Уэльсте кайрадан карантин башталды. Испан бийлиги ооругандардын саны расмий статистикадан кеминде үч эсе көп болушу мүмкүн экенин айтып, өлкөдө 25-октябрдан тартып экинчи жолу өзгөчө абал жарыялады. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес телекайрылууда кечки саат 11ден баштап, таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизилерин билдирди. Испан өкмөтү парламенттин макулдугу жок, өлкөгө 15 күндүк өзгөчө абал жарыялай алат.

Дүйнө жүзүндө коронавируска 42,8 миллион адам кабылып, бир миллиондон көп бейтап ажал тапты.

XS
SM
MD
LG