Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди


Исхак Раззаков.
Исхак Раззаков.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада коомдук саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата илимий конференция жана «Алтынды дат баспайт» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмө «Улут сыймыгы», «Элине өтөгөн эмгек», «Эскерүүлөр» аттуу үч бөлүктөн турду. Анда И. Раззаков жөнүндөгү китептер, гезит-журналдардагы макалалар, фотодокументтер жайгаштырылды.

Мындан тышкары Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата Сооронбай Жусуевдин «Исхак» поэмасын Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, ал эми Султан Раевдин калемине таандык «Исхак Раззаков» спектаклин Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры сахналаштырып, көрүүчүлөргө онлайн тартуулашты. Ал эми Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын актёрлору көрүнүктүү ишмер Исхак Разаковдун учкул ойлорун окушту.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка жыл башында кол койгон.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөзүн жиберип, Раззаковдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон чоң салымын белгиледи.

Исхак Раззаков он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган.

Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Сталиндик репрессия, хрущевдук «ала баар» тушунда жооптуу кызматтарда иштеген жетекчинин убагында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган. (ZKo/MSа)

XS
SM
MD
LG