Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Садыр Жапаров: Коңшу өлкөлөр менен чек ара талаштарын тездетип чечүү зарыл


Садыр Жапаров жана Уларбек Шаршеев. 26-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров жана Уларбек Шаршеев. 26-октябрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 26-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу маселесин талкуулады.

Бул тууралуу президентке караштуу president.kg сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Шаршеев Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрдагы окуя тууралуу кабар берди. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаштуу тилкесине суу түтүктөрүн орното баштаган. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Шаршеевдин билдирүүсүнө караганда, азыр курулуш иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тынч сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүү маанилүү экенин белгиледи.

«Чечилбеген маселелер болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот. Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт», - деди Жапаров.

Ал ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чек ара талаштарын тездетип чечүү зарыл экенин билдирди. Жакын арада бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айтты.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой турганын айтышкан, тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Тажикстандын расмий бийлиги маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет. (NT)

XS
SM
MD
LG