Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

БШК: президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт


БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов.

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда бүтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов 26-октябрда президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда парламент бир жума аралыгында жаңы президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек. Жогорку Кеңеш мөөнөттү бекитпеген шартта президенттик шайлоо автоматтык түрдө белгиленди деп эсептелет.

«Парламент президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаган жок. Мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтү аяктагандын эртеси күнү мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун убактысы дайындалды деп эсептелет. Ошого байланыштуу БШК эки күн ичинде шайлоо мөөнөтүн белгилеши керек. Ошого ылайык, 24-октябрда БШК 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоону дайындады. Азыр уюштуруу иштерин жүргүзө баштады. Президенттикке эки субъект талапкерлерди көрсөтө алат. Биринчиси, жарандар өзүн-өзү көрсөтө алат. Экинчиси, талапкерлерди саясий партиялар көрсөтөт. Талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт. 19-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси добушканаларга берилет. Тиешелүү документтерди талапкерлер 7-декабрга чейин БШКга бериши керек. Талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, 3-декабрга чейин тапшырышы керек», - деди Бекматов.

Ал азырынча эч кимден президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз келе электигин кошумчалады.

Өткөн аптада БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко "Актив" партиясы жана "Адам укуктары жана демократия үчүн" коалиция кайрылган.

БШК Баш мыйзамга таянуу менен 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган эле.

22-октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруп, Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзамга кол койгон.

26-октябрда өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Жапаров декабрда кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялады. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG