Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Өзбекстанда журналистке козголгон иш токтотулду


Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев.
Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев.

23-октябрда өзбек бийлиги журналист Бобомурод Абдуллаевге каршы төрт ай мурун козголгон кылмыш ишин токтотуп, ага коюлган айыптардын баарын жокко чыгарды.

Абдуллаев өзүнө ачылган кылмыш иши токтотулганын 23-октябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыялады.

Августтун башында Бишкекте кармалып, кийин Өзбекстанга өткөрүлгөн журналист жаңы паспорт алганын жана өлкөдөн эркин чыгып-кирүүгө укуктуу экенин жазды.

Анын мындай билдирүүсүнөн кийин АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниэл Розенблюм журналистке козголгон кылмыш ишинин токтотулушун кубаттай турганын «Твиттердеги» баракчасына жазып чыкты.

Элчи журналисттин үй-бүлөсүнүн кубанычын тең бөлүшүп, эркин басма сөз демократиянын өнүгүшү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм.
АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм.

«Бүгүн журналист Бобомурод Абдуллаевге козголгон кылмыш иши токтотулгандыгы тууралуу кабар алдым. Биз анын өзү жана анын үй-бүлөсү үчүн абдан кубанычтабыз. Президент Мирзиёев айткандай, эркин медиа чыныгы демократия үчүн сөзсүз керек жана журналисттердин иши толугу менен корголушу зарыл»,- деди Дэниэл Розенблюм.

Ал Абдуллаев ушул жылдын август айында Кыргызстанда кармалганда тынчсыздануусун билдирип, Бишкекти журналисттин эркиндигин урматтоого жана анын Кыргызстандан чыгып, каалаган өлкөсүнө чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган эле.

Абдуллаев өзүнө козголгон кылмыш ишинин токтотулгандыгын 23-октябрда «Фейсбукта» жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.

Анын билдирүүсүндө, Өзбекстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын тергөөчүсү Мансур Эргашев 29-июнда козголгон кылмыш иши токтотулганы жарыяланган.

Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

«Бүгүн тергөөчү Мансур Эргашев мени Ички иштер министрлигинин Миграция кызматына чакырды. Ал жакка aдвокатым менен барсам, журналисттер да ошол жакта экен. Тергөөчү камеранын жана адвокаттын көзүнчө мага козголгон кылмыш иши толугу менен токтогонун билдирди. Ошондой эле чет өлкөгө чыгууга уруксат берген жаңы паспортумду колума тапшырды. Эми дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө барып-келишке жол ачылды», - деди журналист Абдуллаев.

18-октябрда президент Шавкат Мирзиёев журналист Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир тартуулаганы кабарланган. Бирок бир күн өткөндөн кийин Абдуллаев тергөөчү Бахром Каримов аны «түрмөгө отургузам» деп коркутуп жатканын айтып чыккан.

Кыргызстандын атайын кызматы Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен быйыл 9-августта кармап, 22-августта Ташкентке өткөрүп берген.

Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.

Абдуллаев өзү Бишкекте кармалгандан кийин мекенинде «Кара Мерген» деген каймана ысым менен өкмөткө каршы макалаларды жазганы үчүн айыпталып жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген.

Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган эле.

2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG