Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Спорттук арбитраждык сот орусиялык биатлонистти байгелеринен ажыратты


Евгений Устюгов.
Евгений Устюгов.

Спорттук арбитраждык сот (CAS) орусиялык биатлонист Евгений Устюговдун олимпиадалык эки алтын жана бир коло медалын жокко чыгарды. Спортчу кызытмага каршы эрежелерди бузган деп табылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Устюговдун адвокатына таянып маалымдады.

Ага ылайык CAS спортчунун 2010-жылдын 24-январынан тартып, 2013-2014-жылдардагы бардык ийгиликтерин жокко чыгарды. Устюгов масс-старттагы алтын медалынан жана Ванкувер Олимпиадасында алган коло медалынан кол жууду. Ошондой эле Сочидеги Олимпиадада алган алтын медалы да жокко чыгарылды.

Спорттук арбитраждык соттун чечими акыркы эмес, айыптоого доо арыз 21 күн ичинде берилиши керек.

Биатлонисттердин эл аралык бирикмеси Устюговдун кызытма колдонгону тууралуу ишин карап чыгууну чечкен. Бирикме биатлонисттин биологиялык паспортундагы маалыматтардан шектенүүдө. Анда Устюговдун канынын гемоглобини жогору көрсөтүлгөн. Спортчу муну тукумундагы өзгөчөлүк катары далилдеген.

Устюгов спорттон 2020-жылдын 13-февралынан тартып эки жылга четтетилген. Биатлонист спорттогу карьерасын 2014-жылы эле токтоткон. Эми анын байгелерин жокко чыгарган чечимден улам Сочи Олимпиадасындагы эстафетага катышкан башка оюнчулар – Алексей Волков, Дмитрий Малышко жана Антон Шипулин алтын медалынан, ошондой эле Ванкувердеги эстафетачылар – Иван Черезов, Максим Чудов жана Антон Шипулин коло медалынан кол жуушат.

Сочи Олимпиадасынан кийин орусиялык спорт кызытма чатагынын чок ортосунда калган. Кызытмага каршы агенттик орусиялык спортчулар бийликтин жана атайын кызматтын колдоосу менен кызытмага каршы эрежелерди бузганын аныкташкан.

XS
SM
MD
LG