Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 16:52

Иран парламентинин төрагасы коронавирус жугузуп алды


Мухаммад Багер Галибаф.

Иран парламентинин төрагасы Мухаммад Багер Галибаф коронавирус жугузуп алды. Ал 28-октябрда «Твиттердеги» баракчасына карантинден соң ишин улантарын жазды.

59 жаштагы Галибаф быйыл май айында Иран парламентинин төрагалыгына шайланган.

Иран Жакынкы Чыгыштагы коронавирустун кесепети оор болгон өлкөлөрдүн бири болуп калды. Бул өлкөдө вирусту жугузуп алгандар 580 миңден ашса, андан 33 миңдей киши каза болду.

27-октябрда Иранда вирустан 345 адам каза болуп, бул акыркы айлардагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Иранда коронавирустун күчөшүнөн улам бир катар аймактарда кошумча чаралар киргизилди. Өлкө борбору Тегерандагы мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан ашыгы үйдөн иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG