Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Алмазбек Атамбаев ачкачылыгын токтотту


Алмазбек Атамбаев. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев. 27-июнь, 2019-жыл.

Алмазбек Атамбаев ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу мурунку президенттин адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында Алмазбек Атамбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине койгон талабы аткарылганы үчүн ачкачылыгын токтотту.

«Атамбаев дарыланууга муктаж. Ошондуктан №1 тергөө абагынан жок дегенде №47 абакка которууну талап кылган. Бүгүн, 28-октябрда Атамбаев ачкачылыгын токтотту», - деди адвокат.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында болуп келсе, бир күн мурда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын баштаган.
Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу тарапташтарынын аракети менен түрмөдөн бошотулган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, абакка кайтарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG