Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

АКШ Европага орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга даяр


Роберт О'Брайн.
Роберт О'Брайн.

Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Роберт О'Брайн билдиргендей, Индия-Тынч океан аймагында Кытайдын күчтөрүн токтотуш үчүн Вашингтон ушундай кадамга барууга даяр. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу кабарлады.

Буга чейин Пентагон Кошмо Штаттар ракеталарды даярдап жатканын жана аларды аскердик-деңиз күчтөрүнүн учактары аркылуу коё берсе боло турганын маалымдаган.

27-октябрда орус президенти Владимир Путин Орусиянын Европа бөлүгүнө 9М729 ракеталарын жайгаштыруудан баш тартууга даяр экенин айткан.

АКШ менен алардын өнөктөштөрүнүн пикиринде, бул ракеталардын параметрлери АКШ менен Орусиянын орто жана кыска аралыктагы ракеталар жөнүндөгү келишимине дал келбейт. Документке 1987-жылы кол коюлган. Тараптар орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жоюу боюнча макулдашкан. Бирок 9М729 ракетасынын айынан АКШ 2019-жылы августта келишимден чыгып кеткен.

Эки өлкө ортосундагы өзөктүк куралдануу боюнча акыркы ири келишимдердин бири болгон стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү (СНВ-3) макулдашуунун мөөнөтү келерки жылы февралда аяктайт. Дональд Трамптын администрациясы өзөктүк куралданууну чектөө жөнүндө келишимге Кытай да кириши зарыл деген шарт койгон. Орусия буга макул болгон эмес.

Жакында АКШнын куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарманы Маршалл Биллингсли Вашингтон президенттик шайлоо алдында бул келишимди жогорудагы шартсыз эле узартууга даяр экенин маалымдаган.

Америкалык дипломат АКШ менен Орусия келишимди узартуу жөнүндө принципиалдуу макулдашууга жетишкенин айткан. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын сунушу Москва үчүн ылайыксыз экенин билдирип, принципиалдуу макулдашуу жөнүндөгү сөздү четке каккан.

XS
SM
MD
LG