Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Бадахшанга чабуул койгон талибдер Тажикстандын чек арасына жакын келишти


Бадахшандагы аскердик тик учактар.
Бадахшандагы аскердик тик учактар.

«Талибан» кыймылы менен болгон кагылышуулар Бадахшандын 22 уездинде уланууда. Ушул тапта Файзабад, Бахорак жана Вардуж, Журм, Кишм, Рогистан, Куфа, Нусай, Моймай Дарваз аймактарында чабуулдар болуп жатат. Айрым уезддер Тажикстандын Хатлон облусу жана Тоолуу Бадахшан автоном облусу менен чектешет.

Бадахшан полициясы өткөн аптада эле бул аймактарда коопсуздук күчтөрүнүн он чакты кызматкери мерт болгонун билдирди. Маалыматка караганда, «Талибан» кыймылынын 50дөн ашуун жоочусу жаракат алган жана өлтүрүлгөн.

Бадахшан провинциясынын аткаминерлери талибдерге чет өлкөлүк, негизинен Борбор Азиядан келген жоочулар көмөк көрсөтүп жатканын айтты.

Бадахшан бийлигинин басма сөз катчысы Некмухаммад Назаринин айтымында, талибдер менен катар Тажикстандагы «Ансаруллох» террордук тобу жана кытайлык уйгурлар да аймакта ири коркунучтарды жаратууда.

«Талибан» кыймылы катарында чет өлкөлүк жоочулар бар экенин четке кагып, өкмөттүк аскерлер менен жалгыз күрөшүп жатканын билдирип келет.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы 1400 чакырымга созулат. Коңшу өлкөдө 40 жылдан бери согуш өкүм сүрүүдө жана жаңжалды тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликке жете элек.

XS
SM
MD
LG