Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Кара-Сууда Франциянын президентине каршы жөө жүрүш токтотулду


Кара-Сууда Франциянын президентине каршы жөө жүрүшкө чыккандар.
Кара-Сууда Франциянын президентине каршы жөө жүрүшкө чыккандар.

Кара-Сууда 1-ноябрь күнү 30дан ашуун аял Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Алар Мухаммед пайгамбарды шакаба сүрөттөргө тартууну жана исламга каршы чакырыктарды токтотууну талап кылышты.

Жөө жүрүштүн уюштуруучулары жергиликтүү бийликке жана милицияга иш-чара жөнүндө алдын ала эскертпегендиктен жүрүш токтотулган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, милиция акциянын катышуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң алар тарап кетишкен.

«Биз алардан мыйзамды сактоону өтүнгөнүбүздө тарап кетишти. Жакынкы күндөрү мыйзам чегинде өткөрүшү да мүмкүн. Ош облусунун башка аймактарында мындай иш-чаралар катталган жок», - деди Аширбаев.

30-октябрда Ош шаарында да ушундай акция өткөн. Анда Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөр экинчи борбор калаадагы жолдордун жүргүнчүлөр өтчү жерлерине жабыштырылган. 1-ноябрь күнү Бишкек шаарында 500дөй киши митингге чыккан.

16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген. Ал Франция сөз эркиндигинен, карикатурадан баш тартпай турганын айтып, бул окуяларды «исламчыл террорчул чабуул» деп мүнөздөгөн. (DU)

XS
SM
MD
LG