Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Ооганстандагы Кабул университетинде атышуу болду


Кабул университетинин имаратын полиция кызматкерлери курчап турат. 2-ноябрь, 2020-жыл.

Учурда коопсуздук кызматкерлери имаратты курчап турушат. Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариан атышуу уланып жатканын кабарлады. Азыр студенттерди имараттан чыгаруу аракети жүрүп жатат. Каза болгондор же жарадарлар боюнча маалыматтар түшө элек.

«Талибан» кыймылы университеттеги акыркы кол салууга тиешеси жок экенин билдирди.

Бүгүн окуу жайында Иран китептеринин жармаңкеси өтмөк, ага бир катар жогорку даражалуу кызматкерлер катышары кабарланган.

Былтыр ушул кампустун алдында жардыруу болуп, сегиз адам каза болгон. 2016-жылы болсо согушкерлер Америкалык университетке кол салып, 13 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG