Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Тышкы иштер министри Пакистандын элчиси менен жолукту


Руслан Казакбаев жана Тарик Хан. 2020-жыл, 2-ноябрь.
Руслан Казакбаев жана Тарик Хан. 2020-жыл, 2-ноябрь.

2-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Тарик Ханды кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Казакбаев өлкөдө саясий абал турукташып, укуктук алкакка кайтып келгени жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле тышкы саясат мекемесинин башчысы чет өлкөлүк инвестициянын коопсуздугун мамлекеттик мыйзамдар аркылуу камсыз кылууга бардык чаралар көрүлөрүн билдирди.

29-октябрда Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизгени белгилүү болгон. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, тогуз миңден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG