Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Экономика министрлиги: Кымбатчылыктын көп себептери бар (видео)


Бишкектеги Ош базары.
Бишкектеги Ош базары.

Экономика министрлигинин экономикалык саясатты башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Насиридин Шамшиев баалардын көтөрүлүшүнө бир нече фактор себеп болуп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

«Эттин баасы быйыл тоют, жем кымбат болгондуктан, ошондой эле коңшу өлкөлөргө тирүү мал аткезчилик жол менен кетип жаткандыктан кымбаттады. Сүт, жумуртка да ушундан улам кымбаттап жатат. 2020-жылы кант кызылчасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз айдалып, аны импорттоп жатабыз. Кыргызстанга кирген азык-түлүктүн 40% импорт түзөт. Сырткы соода жалаң АКШ доллары менен жүрөт. Ушундан улам доллардын курсу өскөн сайын баалар да көтөрүлүүдө», - деди Шамшиев.

Ошондой эле ал кант кызылчасынын түшүмү эми даяр болгондуктан, кумшекердин баасы бир аз түшүп, бирок калган азык-түлүктүн наркы доллардын өсүшүнө жараша өзгөрөрүн кошумчалады. Шамшиевдин айтымында, баанын кескин өсүшүнө алып сатарлар жана эл арасындагы дүрбөлөң да себеп болууда.

Учурда азык-түлүк кымбаттап жатат. Бишкектин базарларында, мисалы, өсүмдүк майынын баасы 50 сомго, кумшекер 10 сомго кымбаттады. Курулуш материалдарынын баасы да көтөрүлүп жатканы кабарланууда.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын наркы 12-13 сомго жогорулады. 3-ноябрда акча алмаштыруучу менчик жайларда бир доллардын наркы 84 сомдон ашты. Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында курс 81 сом 80 тыйын деп турат. (BCh)

Азык-түлүктүн баасы асмандады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:48 0:00

XS
SM
MD
LG