Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Ниццадагы кол салууга шектүү катары төрт киши кармалды


Ниццадагы чиркөөдөгү кол салууга шектүү Брахим Иссауи.
Ниццадагы чиркөөдөгү кол салууга шектүү Брахим Иссауи.

Франциянын түштүгүндө Ниццадагы чиркөөдөгү кол салууга байланыштуу дагы төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу шейшембиде «France-Presse» агенттиги жазып чыкты.

Бейшемби күнү Франциянын Ницца шаарында бычак менен куралданган киши чиркөөдөгү адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болгон. Алардын бири, чиркөөгө келген аял өтө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн.

Кол салуу үчүн шектүү полиция кармап жатканда жараат алган.

Тергөөнүн жүрүшүнө кармалган адам 21 жаштагы тунистик Брахим Иссауи экени белгилүү болгон. Ал Францияга Лампедуза аралы аркылуу келген. «Reuters» агенттиги шектүү оор абалда ооруканада жатканын, коронавирус жугузуп алганын да жазып чыкты. Ошондуктан ал азырынча кылмыш боюнча көрсөтмө бере элек.

Ниццадагы окуя Парижде мектеп мугалими Самюэл Пати ырайымсыздык менен өлтүрүлгөндөн эки жума өтпөй болгон. Бул кылмыш франциялыктардын үрөйүн учуруп, диний терроризм боюнча талкууларды баштаган. Француз президенти Эммануэл Макрон бул окуяларды «исламчыл террорчулардын чабуулу» деп мүнөздөгөн болчу.

XS
SM
MD
LG