Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Жогорку сот Илмияновдун өкүмүн күчүндө калтырды


Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт.
Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт.

Жогорку сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши каралды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Башкы сот органына кассациялык даттануу менен Бишкек шаардык прокуратурасы кайрылган.

3-ноябрдагы отурумда Жогорку сот шаардык соттун жазалоо өкүмүн күчүндө калтырып, редакциялык гана өзгөртүү киргизди.

Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Илмиянов 2018-жылы октябрда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган. Башкы прокуратура ага карата «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон. Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» деген беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган Илмияновду 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган.

Быйыл 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп чегерген. Жогорку сот ошол өкүмдү күчүндө калтырды. Күнөөсү жок экенин айтып келаткан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG