Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Кошмо Штаттарда алгачкы добушканалар жабыла баштады


Мэриленд штатындагы добуш берүү. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Мэриленд штатындагы добуш берүү. 3-ноябрь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын чыгыш тарабындагы Индиана жана Кентукки штаттарында айрым добушканалар жабыла баштады. Бир сааттан кийин кайсы талапкерге добуш берери акырына чейин белгисиз болуп турган Флорида штатында да шайлоо жыйынтыкталат.

Бирок бир топ штаттарда добуш берүү дале уланууда. Маселен, Аляскада шайлоо Бишкек убактысы боюнча чак түшкө чейин токтобойт.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Бул жолу 100 миллиондой жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.

XS
SM
MD
LG