Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Садыр Жапаров: Матраимов акчасын күнүгө төгүп жатат


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоо учуру. 20-октябрь, 2020-жыл.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоо учуру. 20-октябрь, 2020-жыл.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду күнүгө төгүп жатат. Бул тууралуу 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров Матраимовдун ишине байланыштуу тергөө жаңыдан гана башталып жатканын айтып, аны камакка албоо тууралуу чечим саясий мүнөздө болгонун билдирди:

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «ал паспортун алмаштырып, Матраимов деген фамилияны Ысмаилов деп которуп алып Дубайга учуп кеткени жатыптыр» деп кармап келген экен. Алты саат сурак берди. Саясий иш болгондуктан мага кабарлашты. Камап койсок бир тыйын өндүрө албайт элек. Кеңешип, «макул, төксүн» деп саясий чечимге келдик. Эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болду. Үй камагына (кайтаруу менен) чыгардык. Кармалган күнү эле 70 же 80 миллион, азыр эсимде жок, төгүп берген. Азыр күнүгө төгүп жатат. Тергөө жаңыдан башталып жатат. Дагы кандай мүлкү, эсептери чыгат, көрөбүз».

22-октябрда Садыр Жапаров Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбей турганын айтып, ал тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, дароо 80 миллион сом төккөнүн, дагы эки миллиардды октябрдын аягына чейин төгүп бере турган милдеттенме алып, үй камагына чыгарылганын белгилеген.

Матраимов 2 млрд сом төлөп кутулабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG