Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары төрагалыкка көрсөтүлгөн Талант Мамытовдун талапкерлигин колдошту. Талант Мамытов – президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, Талант Мамытов анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

Эртең менен Канатбек Исаев парламенттин төрагасы кызматын тапшырган. Муну саясатчы өзү жетектеген "Кыргызстан" саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди.

12:59 4.11.2020

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында "Республика-Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов төрага болуп шайланды. Анын талапкерлигин 100 депутат колдоп, бир депутат каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень салуу жолу аркылуу өттү.

12:58 4.11.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлиги жактырылды. Сариев 2010-2011-жылдары Боршайкомдун төрагасы, 2002-2008-жылдары мүчөсү болгон. Буга чейин парламент БШКнын оппозициялык квотадан мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын өзү жазган арызына ылайык токтоткон.

12:42 4.11.2020

Депутат Талант Мамытов: - Бир адам айтканы менен экинчи колдобошу мүмкүн. Ачык-айкын добуш берүүдө. Ар бир депутат өз эрки менен добуш берүүдө. Өткөндөн сабак алыш керек. Бардык толкундоолор шайлоонун айынан болду. Парламенттин колдоосу менен укуктук талаага келдик.

12:37 4.11.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG