Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары төрагалыкка көрсөтүлгөн Талант Мамытовдун талапкерлигин колдошту. Талант Мамытов – президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, Талант Мамытов анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

Эртең менен Канатбек Исаев парламенттин төрагасы кызматын тапшырган. Муну саясатчы өзү жетектеген "Кыргызстан" саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди.

10:57 4.11.2020

11:01 4.11.2020

Канатбек Исаев: - Азыркы тапта Садыр Жапаров эбегейсиз бийлик рычагдарына ээ болуп турат. Бирок ал расмий билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Мындай шартта президенттин милдетин кайра Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Төрага аткарбаса, биринчи вице-премьер-министр президенттин милдетин аткара албайт. Саясий туңгуюкка кабылганы турабыз. Ушундан улам мен төрагалык кызматты тапшырып берүү чечимин кабыл алдым

11:02 4.11.2020

Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Талант Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлөөрү белгилүү болду.

11:09 4.11.2020

Талантбек Мамытов анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин төрагалыгына көрсөтүлүп жатканы тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берген жок. Мамытов депутаттар анын пайдасына кол топтоп жатканын укканын, бирок расмий маалыматы болбогонун айтты.

“Ар бир депутаттын төрага болуу укугу бар, бул үчүн палатанын колдоосу зарыл. Эгерде күн тартибине ушундай маселе коюлса, мен силерге пикиримди толук айтам”, - деди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG