Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары төрагалыкка көрсөтүлгөн Талант Мамытовдун талапкерлигин колдошту. Талант Мамытов – президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, Талант Мамытов анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

Эртең менен Канатбек Исаев парламенттин төрагасы кызматын тапшырган. Муну саясатчы өзү жетектеген "Кыргызстан" саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди.

14:31 4.11.2020

13:26 4.11.2020

13:17 4.11.2020


Жаңы шайланган төрага Талант Мамытов экс-төрагалар Канатбек Исаев менен Дастан Жумабековдун башына калпак кийгизип, чапан жапты.

13:10 4.11.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов: - Бүгүнкүдөй оор кырдаалга карабастан мага ишеним көрсөтүп, төрага кызматына шайладыңар. Бул үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте абал оор. Бюджеттик таңкыстык бар, эпидемиологиялык кырдаал оор, жалпы саясий кырдаалды эске алганда силердин колдооңор керек. Бүгүн кыргыз эли баарыбыздын колдообузга муктаж. Эл бизден көптү күтүп турат. Ишенимиңерди актайм. Чогуу иштейбиз. Бул кызмат келет-кетет, ал эми абийир-намыс түбөлүккө калат. Тарыхты чогуу жазып жатабыз. Оор маселелерди чечкенге аракет кылып атабыз. Каталар болду, сын-пикирлер да болду. Бирок жакшы иштер да болду. Коррупция маселесин ушул жерде көтөрүп, эрктүү чечимдерди кабыл алганбыз. Азыр өзгөчө мезгил. Ынтымакты, биримдикти талап кылат. Ушул кырдаалдан чыгып кетүү үчүн мени колдоп берүүңөрдү суранам. Калыс, акыйкат иштеп бергенге убада берем.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG