Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Бакыт Бакетаев президенттик жарышка катышарын билдирди


Бакыт Бакетаев.
Бакыт Бакетаев.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз даярдап жатканын «Азаттыкка» билдирди. Бакетаев өлкөнү өнүктүрүү программасын 10 жылдан бери жазып жүргөнүн айтты.

БШК Бакетаевден арыз түшө элек экенин билдирди.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырды. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат. Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал БШКга арыз бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG