Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Мамытов: Парламент имаратын курчаган темир тосмону алып салууну колдойм


Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имараты 5-6-октябрда талкаланган.
Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имараты 5-6-октябрда талкаланган.

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында жаңы шайланган төрага Талант Мамытов бюджеттик таңкыстыкта, оор эпидемиологиялык жана саясий кырдаалда депутаттардын колдоосуна муктаж экенин билдирди. Ошондой эле депутаттардын ишине шарт түзүп берүүнү биринчи милдети экенин айтты.

6-октябрга караган түнкү башаламандыкта президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан борбордук имараттын иш бөлмөлөрү талкаланып, тонолуп, айрым кабаттар өрттөлгөн.

«Биз Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салып, мындан ары элге жакын болууну көздөйбүз. Бул боюнча кечээ эле премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен сүйлөштүк. Ушуну менен үчүнчү ирет парламенттин имараты талкаланып жатат. Коргонгон сайын эл бизди туура эмес түшүнөт. Бизди ошол тосмо сактап калган жок, сактабайт дагы. Эл менен бийликтин ортосунда тоскоолдук болбош керек. Ушундан улам парламент имаратынын айланасындагы тосмону алып салууну карап жатабыз. Сиздер да туура көрсөңөр, биз элге жакын иштейли, тосмону алуу идеясын мен колдойм», - деди Мамытов.

Темир тосмону алып салуу боюнча демилге коомдук-саясий чөйрөдө байма-бай көтөрүлүп келатат.

6-октябрдан кийин жаңы бийлик тарапкерлери түрмөдөн бошоткон Садыр Жапаров жана анын тарапкерлери Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Талант Мамытов баштаган саясатчылардын колуна өттү. Сооронбай Жээнбеков президенттиктен өз каалоосу менен баш тарткандыктан, президентти чукул шайлоо 10-январга белгиленди. Ага Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов, Канатбек Исаев баштаган жети саясатчы талапкер болорун билдирди. Учурда президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG