Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Алайда коронавирус боюнча абал туруктуу


Коронавирус Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталууда.
Коронавирус Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталууда.

Алай райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Гүлнара Алыкулова «Азаттыкка» район боюна коронавируска байланышкан абал туруктуу экенин маалымдады. Азыркы тапта Гүлчөдөгү райондук ооруканада 30-40 бейтап вирустан дарыланып жатат.

Буга чейин айрым социалдык тармактарда Алай районунда абал кооптуу болуп жатканын, бир күндө бир нече адам каза болуп, бейит казуу иштери жүрүп жаткан жерди көрсөткөн видео таркаган.

Видео боюнча Алымкулова: «Ал видеону мен да көрдүм. 28-октябрда бизде вирустан бир бейтап каза болгон. Ага удаа эле башка оорулар менен дагы эки киши көз жумган. Ошолордун сөөгүн коюу бир учурда болуп калып, бейиттен тартылган экен. Бизде абал өтө коркунучтуу эмес», - деди.

Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 495 кишиден табылды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда.

Маалыматка караганда илдетке чалдыккандардын ичинен 527 киши сакайып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги октябрь айында митингдердин, чогулуштардын, той-топурлардын көптүгү, сасык тумоонун жайылышы менен COVID-19 вирусу да күчөгөнүн билдирип, элди санитардык нормаларды сактоого чакырууда.

Октябрдын ортосунан тартып 118 ыкчам кеңеш берүү кызматы жана көчмө бригадалар иштеп, айрым ыктыярчылар медициналык жардам берүү иштерин баштады.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 60 774 киши болду, каза тапкандар 1163 адамга жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG