Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Садыр Жапаров Ала-Бука районунда эл менен жолугууда


Ала-Букада Садыр Жапаров менен жолугушууга чогулган эл.
Ала-Букада Садыр Жапаров менен жолугушууга чогулган эл.

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 4-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарынын эли менен жолукту. Жолугушууда Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ minerals Bozymchak» алтын комбинатын кайрадан иштетиш керек экенин айтты.

Жапаров алтын казуучу компаниялардын ишинин токтоп турганын «элдин же инвесторлордун күнөөсү эмес, бул жоопкерчилик - өкмөттүн катачылыгы» деп баалады.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

Алардын өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Бирок алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TB)

XS
SM
MD
LG