Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Галина Байтерек: Парламенттик башкаруу системасы өз натыйжасын бере алган жок


Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Кыргызстандагы саясий партиялар иш жүзүндө жабык акционердик коомго айланып калгандыктан парламенттик башкаруу системасы өз натыйжасын бере алган жок деп эсептейт.

4-ноябрда Галина Байтерек Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарып, конституциялык реформа жүргүзүүдө өлкөнүн соңку 30 жылдык тажрыйбасын эске алуу зарыл экенин, партиялар жүргүзгөн саясаты үчүн жоопкерчиликте болбогонун айтты. Соңку он жылда саясий партиялар таасир этүү талашы менен алек болуп келгенин, мунун баары мамлекеттик башкаруу системасына терс таасирин тийгизгенин белгиледи.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы президенттик башкаруу дароо эле авторитардык режим болуп эсептелбей турганын айтып, андайга жол бербеш үчүн реалдуу механизмдер болорун кошумчалады жана мамлекеттик башкаруунун оптималдуу формасын эл өзү тандай турганын айтты.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып азыркы тапта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуш кылып жаткан бир мандаттык шайлоо системасы өлкөнү 30 жыл артка тартарын билдирген. Ал «Түркмөнстандын, Өзбекстандын катарына барып кошулабыз» деген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Боршайком парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген, бирок парламент бул өнөктүктү конституциялык реформадан кийин уюштуруу тууралуу мыйзам кабыл алып, аны Жапаров колдогон. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG