Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Оксфорд университети: коронавируска каршы вакцина жылдын аягына чейин даяр болушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оксфорд университетинин COVID-19га каршы вакцина даярдоого катышып жаткан алдыңкы эксперттеринин бири дары Рождество майрамына чейин даяр болушу ыктымалдыгын айтты. "Oxford Vaccine Group" долбоорунун башчысы Эндрю Поллард сыноо иштеринин жыйынтыгы "жыл аягына чейин белгилүү болушу мүмкүн" деп билдирди. Эксперт аталган университет менен анын өнөктөшү "AstraZeneca" фармацевтикалык компаниясы бул вакцина бери дегенде 50% натыйжалуу болот деп үмүттөнүп турушканын кошумчалады.

«AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети чыгарган бул вакцинаны сыноо ыктыярчылардын бири сыркоолоп калганына байланыштуу 8-сентябрда убактылуу токтотуп, көп узабай кайра уланган.

«AstraZeneca» - вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычына жеткен, тактап айтканда, адамдарга сайып сынап жаткан дүйнөдөгү тогуз компаниянын бири.

Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында президент Владимир Путиндин кызы, ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келишкен.

«Sputnik V» вакцинасын сайдырган айрым ыктыярчылар вирус жугузуп алганы кабарланган жана айрымдары кесепети оор болгонун айтып даттанышкан. Препаратты даярдаган Гамалеи борбору вирус жугузгандар вакцинанын өзүн эмес, плацебосун сынагандар болушу мүмкүн деп билдирген.

XS
SM
MD
LG