Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Кытай чек араны толук ачуу боюнча Кыргызстанга бир нече талап койду


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган машинелер. «Азаттыктын» архиви.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган машинелер. «Азаттыктын» архиви.

Кытай Кыргызстан менен чек арада жүк ташууну көбөйтүш үчүн өз талабын койду. Бул тууралуу 4-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматындагы ишкерлердин жолугушуусунда маалым болду. Ал жыйынга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев, экономика министринин орун басары Элдар Алишеров, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында белгилүү болгондой, кыргыз тарап Кытайга жүк ташууну көбөйтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Буга кытай тарап жооп берип, жүк ташууну көбөйтүш үчүн мындай талаптарын койгон:

- автотранспорт жана чиркегичтеринин санитардык-техникалык абалын сактоо;

- бузулган эски автоунааларды ташууга жол бербөө;

- жүктөрдү өткөрүп жатканда автоунаалардын техникалык эрежелеринин дал келишин эске алуу;

- Кыргызстандагы кытай компанияларынын коопсуздугун камсыздоо.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан бул талаптарды сактоого аракет кылат жана Кытай менен дагы сүйлөшүүнү улантмакчы.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» бажы бекеттери жыл башында жабылган. «Эркечтам» бекети кыргыз тараптын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жарым-жартылай жанданткан. Ал эми «Торугарт» бекетинин ишин калыбына келтирүү маселеси июнь айынын башында талкууланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бекет 8-июндан тартып ишке кирерин жарыя кылган. Бирок өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бекеттин иши кайра токтотулган.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал турукташа баштагандан бери бул маселе кайра көтөрүлүп, кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирген.

ТИМдин маалыматы боюнча «Торугарт» бекети 8-сентябрдан тартып ачылып, иштей баштады. Бирок коронавирус коркунучунан улам кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан эки бекетте тең чектөөлөр бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG