Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Өзбекстанда коррупцияга каршы жумалык өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын бийлиги өлкөдөгү тиешелүү мекеме-органдар, эл аралык уюмдар менен кошо ноябрь-декабрь айларында коррупцияга каршы жумалык өткөрөт. Коррупцияны тыюу агенттиги анын алкагында эл аралык жана жергиликтүү эксперттер катышкан жыйындар өткөрүлөрүн жана анда паракорлукту азайтуу боюнча пикир-сунуштар топтолуп, бул маселе ар тараптан талкууланганын кабарлады.

Ошондой эле журналисттер үчүн министрликтер менен мекемелерде «Ачык эшик» акциялары уюштурулат. Жаштар жана ишкерлер арасында маселе тууралуу сурамжылоо жүргүзүлөт. Андан сырткары коррупцияга каршы күрөшкө үндөгөн сынактар болот.

Өзбекстан бир топ жылдардан бери коррупциянын деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде арты орундарды ээлеп келген. Маселен, «Transparency International» уюмунун былтыркы көрсөткүчүндө 180 мамлекеттин ичинен 153 орунга жайгашкан жана эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кошулган.

XS
SM
MD
LG