Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Эр-Рияд чет өлкөлүк жумушчуларга карата чектөөнү жумшартат


Буга чейин укук коргоочулар Сауд Арабиясындагы иш берүүчүлөрдүн чет өлкөлүк жумушчуларга мамилесин «кулчулуктун заманбап формасы» катары сындап келишкен.
Буга чейин укук коргоочулар Сауд Арабиясындагы иш берүүчүлөрдүн чет өлкөлүк жумушчуларга мамилесин «кулчулуктун заманбап формасы» катары сындап келишкен.

Сауд Арабиясы эмгек мыйзамдарын реформалоо иштеринин алкагында буга чейин миллиондогон чет өлкөлүк жумушчуларга колдонулган чектөөлөр жумшартыларын билдирди. Ага ылайык, 2021-жылдан март айынан тартып башка мамлекеттердин жарандарын ишке алуудагы эрежелер жаңырат. Муну менен өлкөдө 70 жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келе жаткан "кафала" деп аталган демөөрчүлүк системасы биротоло жоюлат.

Падышачылык Адам ресурстары жана социалдык өнүгүү министрлиги эми иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда милдеттүү түрдө эмгек келишими түзүлөрүн кабарлады. Ага ылайык, чет өлкөлүк жумушчулар иш ордун алмаштырууга, жумуш берүүчүнүн уруксаты жок эле падышалыктын аймагынан кыска жана узак мөөнөткө сыртка чыгып келүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Ушул тушта Сауд Арабиясында 10 миллиондон ашык чет элдик мигрант эмгектенет жана алар өлкө калкынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Буга чейин укук коргоочулар Сауд Арабиясындагы иш берүүчүлөрдүн чет өлкөлүк жумушчуларга мамилесин «кулчулуктун заманбап формасы» катары сындап келишкен. Анда көп учурда мигранттардын укуктары чектелип, жарыбаган акчага иштешери, айлыгын толук албай калган учурлар айыпталган.

XS
SM
MD
LG