Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Садыр Жапаров казак өкмөтүнүн башчысы Аскар Мамин менен сүйлөштү


Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. 2020-жылдын 5-ноябры.
Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. 2020-жылдын 5-ноябры.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамин Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик, Кыргызстандын элине туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады. Эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери менен катар мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, жакшы коңшулаш мамиле чыңдалышына ишеним артарын билдирди.

Казак өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулду. Кыргыз-казак соода-экономикалык жана суу-энергетикалык кызматташтыгынын азыркы абалы менен келечеги талкууланганы айтылды. Ошондой эле Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ), Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) уюмдарынын алкагындагы мамилелер, COVID-19 илдетине каршы күрөш маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңеш Жапаровду премьер-министрлик кызматка 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң шайлаган. Өкмөт башчылыктан тышкары ал азыркы тапта президенттин да милдетин аткарууда. (RK)

XS
SM
MD
LG