Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Данакер басма ишмери эле...


Тилек Тураркулович Мураталиев (16.11.1960––20.8.2020).
Тилек Тураркулович Мураталиев (16.11.1960––20.8.2020).

Кыргызстандын басма ишине зор салым кошкон ишкер Тилек Тураркул уулу Мураталиев 60ка караган жашында жүрөгүнөн кармап дүйнө салды. Т.Чоротегин эскерет.

Он чакты күн мурда эле бала чакта шилекей алышкандай бири-бирине ынак үч дос –– Тилек, Кыяс, Жедигер болуп ВотсАпп аркылуу мага байланышып, тамаша кептерин айтышып, алыскы аралыкты билдирбей жарпты жазышкан эле.

Ал эми өткөн июль (теке) айында Тилек менен кат алышып жаттык. Ал 17-июлундагы катында “түндүктөгү ири өлкөгө кошулуп албайлыбы” деген маааниде ээн ооз сүйлөгөндөргө өзгөчө кейип: “...бул манкурттар жөн жатпайт. Бир күндүк көр оокаты үчүн эне тилин, Ата Мекенин, жанындагы жатындашын да сатышат, байке!” –– деп жазган болчу.

Бир эле жаш айырмабыз болгонуна карабастан, Тилек дайыма кичипейилдик кылып мага “байке” деп кайрылчу. Балким, мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыккан үчүн ушунчалык сылык болсо керек деп ойлоп коём.

Тилек үй-бүлөдө туну экен. Атасы Тураркул Мураталиев Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында география мугалими эле, ал киши 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. Энеси Зайна – тарых жана коом таануу мугалими болуп иштеп жүрүп ардагерликке чыккан. Ал 2014-жылы дүйнө салган.

Тилек атасынын жолун жолдоп, география мугалими болсо, иниси Улан (Кыяс Молдокасымовдун курсташы жана досу) апасынын жолун жолдоп, тарых жана коом таануу мугалими болуп калды. Кийинчерээк бул эки ага-ини “Турар” басма үйүн заманбап ишкана сересине чыгарышты.

Кыяс Тилек менен да, Улан менен да дос болуп, өзгөчө жакын карым-катнашта эле. Эми 20-августта кечкурун “Фейсбук” аркылуу Кыяс өтө оор кабарды угузуп жатпайбы!

Биз Улан Мураталиев менен кабарлашып, көңүл айтып, агасынын бейшемби күнү кечкурун велосипед тээп келе жатып, жүрөгүнөн кармап каза болгонун уктук. Демек, маркум Тилектин кайтыш болушунун азыркы тапта араанын ачып жаткан таажы вирусуна эч тийешеси жок экен. Аттиң, жанында башка киши болуп, өз учурунда жардам көрсөтүлгөндө, балким, Тилек аман калат беле... Жазмыш...

Басма иши менен алектенгендерди тамашалап “басмачы” деп коёбуз. Тилек нагыз басмачынын ана башчысы эле. Ал “Манас” эпосунун айрым варианттарын, Чыңгыз Айтматовдун, бир катар башка чыгаан акын-жазуучулардын чыгармаларын, “Ала-Тоо” журналын өзүнүн компаниясынын эсебинен бекер чыгарып келди, канчалаган калемгерлердин (акын, жазуучу, илимпоз ж.б. айдыңдардын) чыгармаларын өтө арзан баада басмадан чыгарып, ажаттарын ачып жатты.

Ал казак элинин залкар санжырачысы Шаакерим Кудайберди уулунун 1911-жылы Орунбор (Оренбург) шаарында казакча жана чагатайча сөздөр аралашып, арап арибинде жарык көргөн “Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы” (“Түрік, қырғыз, қазақ һәм хандар шежіресі”) деген китебин кыргызча жана орусча толук жарыялады. Мунун каражатын да “Турар” басмасы өз мойнуна алды.

Пост-советтик кыргыз адабиятында жаңы толкун пайда кылууга огожо болуп, Тилек Мураталиев “Арча” адабий сыйлыгын да уюштуруп, мыкты калемгерлердин саамалыктарын даңазалады.

Бул жаатта “Фейсбукта” жарыялаган көңүл айтуу катында белгиледик.

Кыргызстан коомчулугу Тилек Мураталиевдин мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүн терең кайгыруу менен кабыл алды.

Айгүл Бакеева: “Аттиң ай, канчалардын жүрөгүн оорутуп кетти. Үй-бүлөсүнө, жакындарына, замандаштарына көңүл айтам. Биз да бир айтылуу акындын, көзү тирүүсүндө Жолдошбек Зарлыкбековдун китебин чыгарып бериңиз деп Дилбар Алимова экөөбүз бардык эле. Буга чейин "Жолдошбекке канча айттым, алып кел, чыгарып берем деп, бирок ал ушуга чейин келген жок" деп, чыгарып бермек болгон...”

Бурулкан Сарыгулова: “Кең пейил, берешен, ак жүрөк, билимдүү кыргыз маданиятына, адабиятына баа жеткис салым кошуп келаткан чыгаандан айрылыптырбыз. Мындай кишилердин ордун толтуруш кыйын... Мыкты эле! Аттиң...”

Абды Сатаров: “Аттиң армандуу дүйнө! Тилек мырзанын бул жалган дүйнөдөн капысынан өтүп кеткенин угуп өтө кайгырдым. Ал эң мыкты кыргыздын уулу эле. Мага эртең менен жолуккан. Экөөбүз амандашкандан кийин шайтан арабасын минип кеткен эле. Кыргыз журту үчүн чоң жоготуу. Айла жок...”

Венера Жуматаева: “Абдраев атындагы мектепти аяктаарыма аз калганда бизге географиядан сабак берип калды... Аэропорттордон кездешип калчубуз. Кубадан, дагы башка алыс жактардан келе жатам деп калчу. 1916-жылкы окуяларга арналган китепти агайдын басмаканасы чыгарган. Кыйын ишкер, акылдуу, билими терен, нукура интеллигент эле.”

Султан Раев: “Кайран жигит, кайран Тикем! Адамдын асылы, жанда жок айкөл, кыргыз духун баарынан жогору сыйлаган ченеми чексиз кыйындарыбыздын бири эле го. Тикем кайталангыс, кайталангыс... Бу орду толгус жоготуу, орду толгус арман!..”

Литературный Кыргызстан” журналынын редколлегиясы да кайгылуу окуяга карата өз үнүн кошту:

“Кайгылуу кабар: мыкты инсан жана басма ишкери, “ЛКнын” редколлегиясынын мүчөсү Тилек Мураталиевдин жүрөгүнөн кармап, ал кудум ок тийген сымал, капысынан кете берди. Дендароо болуп турабыз. Аны тек гана тирүү кезиндегидей, шайыр, бардык жагынан шыктуу, айкөл элестетип жатабыз жана Тилек досубузду эсибизде ушундайча сактап калмакчыбыз”, –– деп “Литературный Кыргызстан” журналынын редколлегиясы “Фейсбук” аркылуу көңүл айтуу катын таркатты.

Бактыкан Төрөгелдиева: “Кыргыз элинин көрүнүктүү Инсаны эле! Кейиштүү... Биринчи монографиямды чыгарганда таанышып, анын кеңештерине абдан ыраазы болгом! Кандай жакшы инсан эле!..”

Жолдош Турдубаев: “Руху бийик киши эле. Буудайбек Сабыр уулунун китептерин чыгарып, колуна калем акысын да бергенин укканда абдан сыйлап калганмын”.

Кубат Оторбаев: “Мыкты адам эле! Тилек ага, кантип?!. Жазуучуларды, калемгерлерди далай колдоду. Мыкты иштерди жасады, китеп, журнал, брошюраларды өз акчасына, арзан, бекер чыгарып турду. Аттиң ай!..”

Аттокур Жапанов: “Арты кайырлуу болсун! Көпкө чейин орду толбойт го. Алтын байкемдин жаткан жери жайлуу болсун! Топурагы торколуу болсун! Жөнөкөй, интеллигент, дипломат, иштерман, намыскөй, меценат, кыргыз үчүн жанын берүүгө даяр, кыргыз акын-жазууларынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жакшы адам эле!”

Назира Молдокулова: “"Турар " басмаканасы адабий журттагы алаканы жукалардын ажаатын ачып, тилегин ишке ашырып турду. Чоң жоготуу...”

Мамат Сабыров: “Адамгерчиликтуу, март жигит эле. “Ала Тоону” чыгарып, каржылап, адабиятка аябай эле салым кошту...”

Арслан Капай уулу (адабий “Арча” сыйлыгынын 2015-жылдагы ээси): “Тилек аганын жаткан жери жайлуу болсун! Кыргыз элине Төрөгелди баатыр, Шербото баатыр, Нарбото баатыр, Канаат хан, Молдо Кылыч, Осмоналы Сыдык уулу жана башка жоон топ чыгаандарды берген жалпы эле абайылда жамаатына, Тилек аганын башка жакындарына көңүл айтамын!”

Айдарбек Сарманбетов: “Кыргыздын айкөл, намыскөй жигити эле, аттиң! Эч бир бай карабай койгон адабиятты 10 жылдан ашуун колдоп келди. "Арча" сыйлыгын жанрлар боюнча жылына өткөзүп, 100 миң сомдон байге бергени эле эмне деген иш! Манас эпосун, Уркаш, Буудайбек... көптөгөн агаларды колдоп, канчалаган китептерди бекер чыгарды! Аларга калем акы да берген... Адабиятты колдойлу деп "Жаңы Ала-Тоо" журналын 6 жыл колдоду! Жетим балдар үйүн 20 жылдан ашуун колдоп келди. Көп кайрымдуулук иштерди жасады. Эмне шаштың, Тилек?..”

Биз жогоруда айрым гана көңүл айткан пикирлерди көрсөтө кеттик.

Тилек Мураталиев өтө карапайым инсан эле. “Турар” басма үйүнө барып калганымда, ал өз жумушчу жана кызматкерлери үчүн даамдуу түшкү тамак берчү ашкана уюштурганын, өзү да алар менен чогуу оокаттанганын көрүп, өзүнүн компаниясынын эмгек жамаатынын ынтымагын чыңдаган (англисче “team work” –– “иш тобунун [ынтымагын калыптандыруу жана өөрчүтүү] иши” деп коюшат эмеспи!) нагыз жолбашчы экен деп ичимден ыраазы болгон элем.

Тилекти Кеңеш Жусупов, Болот Шамшиев, Акбар Рыскулов, Самсак Станалиев жана башка агайларым алкаганын да уктум. Бир ирет Аскар Чыңгыз уулу Айтматов Тилекти чет өлкөлүк конокторго өзгөчө ыраазычылык билдирип тааныштырып жатканына да күбө болгон элем.

Маркум Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма ишиндеги алгылыктуу ишмердиги үчүн 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен, 2016-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Бирок эң башкы сыйлык –– анын мекенчил, мээнеткеч, айдыңдык эмгегинин аркасында жалпы элибиздин сыймыктуу уулу катары зор кадыр-баркка ээ болгондугу деп ойлойм. Калемгерлер сөз шурусуна ачык жана көмүскө ойду чырмап кол жазмасын жаратып берсе, Тилек болсо алардын кол жазмаларын басманын заманбап сыясы жыттанган өзгөчө сапаттуу китепке айлантып, бул чыгармаларга жаңы өмүр берип, аларды андан ары кеңири окурмандар жамаатына жеткирген данакер басмачылардан эле.

Ал көз карашы жагынан да, иши жагынан да нагыз демократ, либерал, мекенчил атуул эле. Эми анын асыл максаттарын иниси Улан, урпактары, кесиптештери, үзөңгүлөштөрү жүзөгө ашыра берет деп ишенебиз.

Маркумдун сөөгү 22-августта, ишемби күнү, өзү туулуп-өскөн Кызыл-Дөбө айылында жерге берилмекчи.

Маркум Тилектин үй-бүлөсүнө, жакындарына, үзөңгүлөштөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кайыр кош, Тилек Тураркул уулу!

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Жаркын элесиң жана жаратмандык эмгектериң эч качан эл эсинен чыкпайт!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG