Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:57

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кубат Болотканов шайланды

Кубат Болотканов.
Кубат Болотканов.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кубат Болотканов шайланды. Кеңештин маалыматына караганда, мындай чечим бүгүн, 5-ноябрдагы кезексиз отурумда кабыл алынды.

Төрагалыкка Тимур Алхожоевдин да талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Болотканов шайланды.

Байкоочу кеңештин буга чейинки төрагасы Азамат Болгонбаев кызматын тапшырганын 11-августта жарыялаган.

Болотканов буга чейин КТРКда жетекчинин орун басары, «Учкун» типографиясында башчы болуп иштеген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 6-октябрда КТРКны 2019-жылдын март айынан бери жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу кызматын тапшырып берген. Анын ордуна жаңы жетекчиге сынак жарыяланган. Азыр корпорациянын жетекчисинин милдетин башкы директордун орун басары Бактияр Алиев аткарууда. (RK)

​
XS
SM
MD
LG