Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Коомдук телеканалга жаңы жетекчи дайындалды


КТРКга кирген каналдардын логотиптери.
КТРКга кирген каналдардын логотиптери.

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) жетекчилиги кайра алмашты. Байкоочу кеңештин чечими менен коомдук телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиев дайындалды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү, мурдагы төрага Азамат Болгомбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучуну бекитүү маселеси бүгүн, 14-октябрда каралды.

«Байкоочу кеңештин 11 мүчөсүнүн колдоосу менен Бактияр Алиев Коомдук телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 6-октябрда милдетин аткаруучу болуп дайындалган Жылдыз Бакашова арызы менен кетти», - деди ал.

Бул маалыматты Бактияр Алиев өзү да «Азаттыкка» ырастады. Ал он жылдан бери Коомдук телеканалдын башкы директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары болуп иштеп келген.

Коомдук телерадиокорпорациясынын мурдагы башкы директору Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Байкоочу кеңеш анын ордуна Жылдыз Бакашованы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Кийинчерээк башкы директордун орун басары Мирлан Самыйкожо башкы жетекчинин милдетин аткаруучу болгону кабарланган.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Азамат Болгонбаев быйыл 11-августта кызматын тапшырган. Мунун себебин жарыялаган эмес. Ошондон бери Байкоочу кеңешке төрага шайлана элек. Мыйзам боюнча Байкоочу кеңештин жашы жагынан улуусу - Нурия Айдабосонова төрайымдын милдетин аткарып келе жатат.

Азамат Болгомбаев Байкоочу кеңештен кетүү тууралуу арызы буга чейин каралбаганына байланыштуу, 6-октябрда арызын кайтарып алган. Учурда ал кеңештин катардагы мүчөсү.

КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңешинин ушу тапта 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калгандарын жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан тандалып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG