Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Жедигер Саалайдын «Манас Дух» аттуу китеби жарык көрдү


Бишкектин парктарынын биринде китеп окуп олтурган шаар тургуну.
Бишкектин парктарынын биринде китеп окуп олтурган шаар тургуну.

6-ноябрда Улутук илимдер академиясында акын Жедигер Саалайдын «Манас Дух» аттуу китебинин бет ачары болду. Китептин авторунун айтымында эмгекке бир топ темалар камтылган.

«Китепте элибиздин өткөнү, бүгүнкү күнү, келечеги жана жалпы эле ата-бабаларыбыздын, кайып дүйнөнүн, космостук энергия түрүндөгү Манас ааламынын өз урпактарынын жашоо-турмушундагы ролу чагылдырылат», - деди Жедигер Саалай.

Китеп «Турар» басмаканасынан 2000 нуска менен чыкты.

Буга чейин автордун «Жөрөлгө», «Башат», «Аргасыздык ырлары», «Аттануу», «Аламан», «Арыбагын, Күн!» жана «Ак куулар» ыр жыйнактары, «Бакдөөлөттүн жазы...» илимий-публицистикалык китеби, бир катар очерктери, пьесалары, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалары чыккан. (MsD)

XS
SM
MD
LG