Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

ДССУ Кыргызстанга мите курттарды аныктоочу тогуз микроскоп берди


Микроскоп түзмөктөрүн тапшыруу учуру.
Микроскоп түзмөктөрүн тапшыруу учуру.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине ичеги-карындагы мите курттарды аныктоочу заманбап тогуз микроскоп түзмөгүн берди.

2019-жылы аталган департамент ДССУга мите курт ооруларынын алдын алуу боюнча жардам көрсөтүүсүн суранып кайрылган.

Министрликтин басма сөз кызматы жаңы микроскоп түзмөктөрү департаменттин паразитардык лабораторияларына берилерин маалымдады.

Кыргызстанда жылына гелминттик мите курттар менен ооругандар 25-30 миң деп катталган. 2008-2018-жылдарда калкты жана балдарды мите курттардан арылтуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

10 жылдык убакыттын ичинде мите курттар менен ооругандар 56%дан 5,6%га чейин түшкөн.

Мите курттар - (гелминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амёба, лейшмания, лямблия, токсоплазма, плазмодиялар жана башкалар), муунак буттуулар (чымын-чиркейлер, биттер) жана башкалар - оору пайда кылуучу майда организмдер. (BCh)

XS
SM
MD
LG