Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Орусияда окуган кыргызстандык студенттер Бишкекте пикетке чыгышты


Москвадагы студенттер.
Москвадагы студенттер.

6-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург, Пенза, Казань, Новосибирск, Москва шаарларындагы жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык бир нече студент Бишкекте пикетке чыкты.

Алар Эркиндик гүлбагында жайгашкан Тышкы иштер министрлигинин алдына барып, Орусияга учуп кетиш үчүн чартердик каттам уюштурууну суранышты.

Сынактарга катышпаса анда окуу жайдан чыгуу коркунучу турганын айткан айрым студенттер бир жылга 100 миң рублдик келишим акысын алдын ала төлөп коюшканын да билдиришти.

Алар өз талаптарын Тышкы иштер министрлигине жазуу түрүндө да жиберишкен. Студенттер болжол менен 200дөй адам окууга бара албай жатканын айтышты.

Жарандык авиация боюнча агенттик 4-ноябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, пандемиянын айынан эл аралык каттамдарга талап күчөгөнүн, окуу жайларынын көбү онлайн окуп жаткандыктан, азыр студенттерге учууга уруксат берилбегенин маалымдаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG